Сокулук районунда тоноочулукка шектүү кармалды

Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнө Бишкек шаарынын 38 жаштагы жашоочусу М.У. арыз менен кайрылып, 2019-жылдын 3-июль күнү болжол менен саат 22:30 чамасында Наво-Павловка айылындагы базардын жанынан азиат улутундагы бейтааныш бала эч себепсиз арыз ээсин уруп, 2000 сомго жакын акчасын алып кеткенин билдирген. Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 201-беренеси (Тоноо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Сокулук районунун ИИБнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында шектүү делип 22 жаштагы А.О. кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилген. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *