Сокулук районунда уурулукка шектүү жаран кармалды

2019-жылдын 24-май күнү Сокулук районунун Ново-Павловка айылынын аймактык тескөөчүсү өзү тейлеген аймакта кызмат өтөп жүрүп телевизор, ноутбук жана плеер көтөрүп бара жаткан шектүү эркек кишини көрүп аны токтотуп, өздүгүн аныктоо максатында жакынкы милиция бөлүмчөсүнө алып барган. Териштирүү учурунда ал Жалал-Абад облусунда туулуп өскөн 23 жаштагы жаран экндиги аныкталып, ал буга чейин соттолгондугу маалым болгон. Ал эми көтөрүп бараткан техникалык жабдууларды текшерүү учурунда Ново-Павловка айылындагы үйлөрдүн биринен уурдалганы такталган. Көп убакыт өтпөй жергиликтүү жашоочу Ж.О. милиция кызматкерлерине арыз менен кайрылып, белгисиз бирөө анын үйүнүн терезесин сындырып, ичинен жогорудагы техникалык жабдууларды уурдап кеткенин билдирген. Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурулук) боюнча катталып сотко чейиинки өндүрүш иштери башталган.

Сотко чейинки өндурүш иштерин жүргүзүү учурунда кармалган жаран башка дагы кылмыштарга тиешеси бар экендиги аныкталган. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *