Үстүбүздөгү жылдын 26-августунда 1985 -жылы туулган С.Т., Сокулук районунун ИИБнө кайрылып, 25 -августка караган түнү Ново-Павловка айылда жайгашкан унаа жуучу жайда уюлдук телефонун жана 17,5 миң сомун уурдап кетишкенин билдирген.
Аталаган факт КЖБР Кыргыз Республикасынын Кылмыш -жаза кодексинин 200 -беренеси (Уурдоо) боюнча негизинде катталган.
Кылмышка шектүү катары 2003 -жылы туулган Б.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Сотко чейинки өндүрүш иштери уланууда.
Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы