Сокулук районунда өзүн милиция кызматкеримин деп дарыканадан акча талап кылган жаран кармалды

 

2021-жылдын 15-ноябрь күнү Сокулук РИИБдүн нөөмөт бөлүгүнө, белгисиз адам тарабынан акча талап кылуу фактысы тууралуу маалымат келип түшкөн. Ал маалыматтын негизинде Сокулук РИИБдүк ыкчам тергөө тобу окуя болгон дарекке дароо чыгышкан. Окуя болгон жерден милиция кызматкерлерине 1998-жылы туулган У.Э. аттуу жаран арыз жазып, 2021-жылдын 15-ноябрь күнү болжол менен саат 00:00 чамаларында Ново-Павловка айылындагы дарыканалардын бирине бейтааныш бирөө кирип, өзүн ички иштер органдарынын кызматкери деп тааныштырып, арыз ээсинен акча каражатын талап кылып, кийин белгисиз тарапка из жашырып кеткенин билдирген.

Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 203-беренеси (Опузалап талап кылуу) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Чүй облусунун ИИББнын жана Сокулук РИИБдүн криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы жарандын өздүгү такталып, кармалган. Ал 1987-жылы туулган Д.А. аттуу жаран экендиги такталып, эч кандай ички иштер органдарында иштебей тургандыгы аныкталып, ал жасалма кызматтык күбөлүк жасап алганы маалым болгон.

Милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 359-беренеси (Документтердин жасалмасы) боюнча катталып, кылмышка шектүү 1987-жылы туулган Д.А. убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Териштирүү иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү жарандын Сокулук, Аламүдүн райондорунда жана Бишкек шаарында ушул сыяктуу дагы башка фактыларга тиешеси бар экендиги аныкталган.

Кылмышка шектүү дарыканаларга кардар болуп кирип, психотроптук дары сатып алуучу болуп, дарыны алган соң тиешелүү кагаздарын сурабай сатып жатканын айтып, жасалма кызматтык күбөлүгүн көрсөтүп, акча талап кылып жүргөн.

Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *