Сокулук районунун милиция кызматкерлери адам өлтүрүүгө шектелген жарандарды  кармашты

2022-жылдын 8-июнь күнү саат 11:50 чамасында Сокулук РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Шопоков шаарынын көчөлөрүнүн биринен эркек кишинин сөөгү табылгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн. Алынган маалымат боюнча, ыкчам-тергөө тобу дароо барып, зомбулуктан каза болгон адамдын жансыз денесин табышкан.

Бул факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин (Адам өлтүрүү) негизинде кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.

Милиция кызматкерлери тарабынан каза болгон адмдын  өздүгү аныкталып, ал 1991-жылы туулган З.А. аттуу жаран экени аныкталган.

Чүй ОИИББдин жана Сокулук РИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1975-жылы туулган А.С., жана 1976-жылы туулган М.В. аттуу жарандар бул кылмышка шектелип кармалышкан.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө, милиция кызматкерлери тарабынан 2022-жылдын 5-июнунда жабырлануучу кылмышка шектүү менен биргеликте Гавриловка айылындагы үйлөрдүн биринде спирт ичимдиктерин ичип отурушуп, чыр-чатактан улам бул окуя келип чыкканы аныкталган. Окуядан  соң кылмыштын изин жашыруу максатында өлгөн адамдын сөөгүн алып чыгып ыргытышып, үйдөгү кылмыштын изин жок кылганга аракет кылышкандыктары аныкталган.

Учурда аталган адамдар Сокулук районунун ИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, бардык керектүү экспертизалар дайындалып, сотко чейинки териштирүүлөр уланууда.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *