Сокулук районунун тургуну милиция кызматкерлерине ыраазычылык кат менен кайрылды

Военно-Антоновка айылынын Үмөт Кененбаев аттуу  тургуну, Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө Ыраазычылык кат менен кайрылган.

Ү.Кененбаевдин  ыраазычылык каттында, үсүбүздөгү жылдын май айында бир уй, бир кунажынын белгисиз бирөөлөр уурдап кеткенин билдирип, аймактык тескөөчүгө кайрылганын.  Аймактык тескөөчү арыздын негизиинде иш алып барып, 2-июнда жоголгон малды таап, ээсине кайтарып бергенин белгилеген.

Ү.Кененбаев жоголгон убактыттан бери уйу тууп музоосу менен кошо кайтарып таап берген   Сокулук РИИБдин аймактык тескөөчүсү, милициянын лейтенанты А.Ахматовго үй бүлөөсү менен ыракматын айтып, чын дилден кызмат кылган милиция кызматкерлерине ыраазычылыгын билдирип кат аркылуу кайрылып, жогорудагы кызматкерге жетекчилик тарабынан көңүл бөлүп коюу өтүнүчүн билдирген.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *