Сокулук РИИБдин кызматкерлери милициянын көчмө кабылдамасы менен алдын алуу жана түшүндүрүү иштерин улантууда

Калктын ишенимин арттыруу, ошондой эле коомдогу орун алган көйгөйлөрдү жеринде чечүү максатында Чүй облусунун ички иштер органдары тарабынан калк арасында жолугушуулар үзгүлтүксүз жүргүзүлүп ошону менен бирге ИИО тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча да маалыматтар  берилип келет.

Алсак, Сокулук РИИБдин Коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери милициянын көчмө кабылдамасы менен Саз жана Төш-Булак айылдарынын жергиликтүү тургундарына менен жолугушуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Милиция кызматкерлери укук бузуулар жана уурулукка байланышкан кылмыштардын алдын алуу боюнча маселеллерди түшүндүрүп, мындай жагдайларда тезинен ички иштер органдарына кайрылуу зарылдыгын белгиледи.

Мындан тышкары, милиция кызматкерлери жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, дин кызматкерлери менен биргеликте эл менен жолугушууларды өткөрүп, анда Кыргыз Республикасынын Президентинин «Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгы  да түшүндүрүлдү.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *