Панфилов районунда алдамчылыкка шектүү эки аял кармалды

2018-жылдын март айынын башында Панфилов районунун ички иштер бөлүмүнө жергиликтүү жашоочулардын бири арыз менен кайрылып, 2016-жылдын жаз айларында “Аида” жана “Айнура” аттуу аялдар арыздануучунун ишенимине киришип, каражат табуунун жеңил жолдорунун бири деп аны ишендиришип арыздануучудан акча алышып ошол боюнча издерин жашырып кетишкенин билдирген. Бул окуя боюнча Панфилов районунун ИИБнүн тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон. Териштирүү иштеринин жүрүшүндө жогорудагы аялдардын сөздөрүнө ишенип  Панфилов районунун 12 жараны 2500 сомдон акчаларын алдырышып, ошол боюнча ала алышпай жүргөндөрүн билдиришип, арыз жазышкан. Панфилов районунун ИИБнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын негизинде кылмышка шектүү аялдар кармалган.  Алар, 43 жаштагы Москва районунун жашоочусу Т.А. жана 42 жаштагы Кара-Балта шаарынын жашоочусу Б.Н. экендиги аныкталып, Панфилов районунун ИИБнүн убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Кимде-ким жогорудагы көрсөтүлгөн жарандардан жабыркагандар болсо, төмөндөгү телефон номерлерине кайрылсаңыздар болот. Чүй облусунун ИИББнын нөөмөт бөлүгү (0312) 43 01 27, Панфилов районунун ИИБнүн нөөмөт бөлүгү (0312) 60 79 89, (0709) 69 00 00, (0709)93 19 80, (0704) 42 21 12.

 

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *