Токмок шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан уурулукка шектүүлөр кармалды

Токмок шаардык милиция кызматкерлеринин ыкчам-издөө иш-чараларынын негизинде уурулукка шектүүлөр колго түшүрүлдү.

2022-жылдын март айында Токмок шаарынын ички иштер бөлүмүнө 1949-жылы туулган М.А., кайрылып, алдоо жолу менен жалпы суммасы 3300 АКШ долларын түзгөн алтын буюмдарын ээлеп алган цыган улутундагы белгисиз аялга карата чара көрүү өттүнүчү менен кайрылган.

Аталган факт Кылмыштардын бирдиктүү реестрине, КР Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (Уурдоо) негизинде катталып, жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө бул кылмышка шектүү делип И.Р. кармалып, Токмок ШИИБнын  убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Мындан тышкары, 2022-жылдын 26-апрелинде Токмок шаарынын ички иштер органдарына 1999-жылы туулган О.С., арыз менен кайрылып, аймактык оорукананын бөлмөсүндөгү шкафтан 25 000 сом өлөмүндөгү уюлдук телефонун белгисиз адам  уурдап кеткендигине чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган.

Аталган факт Кылмыштардын бирдиктүү реестрине, КР Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (Уурдоо) негизинде катталып, жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө бул кылмышка шектүү делип, 1990-жылы туулган Ч.А кармалган.  Учурда кармалгандардын башка кылмыштарга да катыштыгын такоо жүргүзүлүп, сотко чейинки териштирүүлөр уланууда.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *