Токмок шаарында алдамчылыкка шектелип, абакта жазасын өтөп жаткан жаран аныкталды

Токмок шаарынын ички иштер бөлүмүнө 1984-жылы туулган  Б.К. арыз менен кайрылган. Кайрылуусунда үстүбүздөгү жылдын март айынында анын атынан кидир бирөө 10 000 сом өлчөмүндөгү насыя алгандыгын билдирген.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Чүй ОИИББ жана Токмок ШИИБнын Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан алдамчылыкка шектелген жарандын өздүгү такталып, кылмышка шектүү делип, абакта жаткан 1999-жылы туулган , Б.У. аныкталган.

Учурда тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн, шектелген адам Токмок шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматына жеткирилип, башка аймактарда да ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыктары текшерилип, сотко чейинки териштирүү иштери уланууда.

Жогорудагыдай жагдайлар жаралбашы үчүн, Чүй облустук ички иштер башкармалыгы жарандардын ар кандай алдамчылык аракеттерге жол бербөөсүнө, тийиштүү документтердин жана банктык же башка карталарынын номерлерин көрсөтпөөгө чакырат.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *