2023-жылдын 11-апрель күнү Токмок шаардык ички иштер бөлүмүнө арыз менен жергиликтүү жашоочу М.Ф. кайрылып, март айында «Ш» жана «Б» аттуу жарандар ишеничке кирип 260 000 сом турган 2 тонна балык жемин сатып алууга буйрутма беришип, жемди алгандан кийин акчасын төлөбөй изин жашырып кеткенин билдирип, чара көрүүнү суранган.
Арыз Токмок шаардык ички иштер бөлүмүндө катталып, Кыргыз Республикасынын КЖКнин 209-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.
Токмок ШИИБдин кызматкерлеринин жүргүзгөн ыкчам-тергөө аракеттеринин натыйжасында, аталган жарандардын бири такталып, ал Нарын облусунда 1990-жылы туулган Н.А. экендиги такталып, тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын ЖПКнин 96-беренесине ылайык кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди.
Кылмыш иши боюнча тергөө улантылып жатат.
Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы