Токмок шаарында алдын алуу иш-чарасы бөлүп өттү

 

Токмок шаарында “Камкордук” аталышындагы алдын алуу иш-чарасы болуп өттү. Анын максаты, кароосуз калган, оор шарттарда жашаган, мектепке барбаган балдарды аныктоо жана алар менен тиешелүү иш-чараларды жүргүзүү үчүн уюштурулган. Иш-чарада 51 ден ашуун ар түрлүү жайлар, компьютердик клубдар, курулушу бүтө элек имараттарда текшерүүлөр жүргүзүлдү. Андан сырткары, тейлөө көрсөтүүчү жайлар, кафе-ресторандар, унаа жуучу жайлар жана башка өспүрүмдөр иштөөгө мүмкүн болгон жайлар текшерилди.

Рейд иш-чарасынын жыйынтыгында  милиция кызматкерлери тарабынан 25 жаш өспүрүм ички иштер органдарына түшүндүрү иштерин жүргүзүү үчүн жеткирилип, 3 жаш өспүрүм профилактикалык каттоого алынган. Андан сырткары 4 жаш өспүрүм мектепке барбагандыгы боюнча маалымат жергиликтүү билим берүү жана социалдык камсыздоо мекемесине маалымат берилген.  Андан тышкары, аз камсыз болгон үй-бүлөдө  жашаган 20 жаш өспүрүм текшерилген.

Миция кызматкерлери тарабынан аталган рейд иш-чарасында болжол менен 320 жарандан турган 150 үй-жайы текшерилип, натыйжасында 3 жаш өспүрүмдүн ата- энеси иштөө максатында сыртка чыгып кеткендиги белгилүү болгон.

Учурда милиция кызматкерлери тарабынан мектептерде кылмыштулуктун алдына алуу максатында ар кандай лекциялары  жүргүзүлүүдө.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *