Токмок шаарында жергиликтүү жашоочулар менен алдын алуу иштери жүргүзүлдү

 

2021-жылдын 16-ноябрь күнү Токмок шаарынын ИИБдүн кызматкерлери, Токмок шаардык мэриянын өкүлдөрү жана Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министрлигинин алдындагы монополияга каршы агенттигинин кызматкерлери биргеликте Токмок шаарынын аймагында көмүр сатуучу жайларды кыдырышып, көмүр саткан жарандар менен алдын алуу иштери жүргүзүлүп, кыш мезгилине карата көмүргө болгон бааларды өз алдынча жогорулатууга жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Иш-чара учурунда Токмок шаардык ИИБдүн кызматкерлери тарабынан жергиликтүү жашоочулар менен жолгушуулар уюштурулуп, кылмыштуулуктарды алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштер жүргүзүлдү.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *