Токмок шаарында “Кайырчы” аталышындагы рейд өткөрүлдү

2019-жылдын 14-августунан 16-августка чейин Токмок шаарынын аймагында Токмок шаарынын ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан “Кайырчы” аталышындагы рейд иш-чарасы болуп өттү. Аталган иш-чаранын максаты жаш өспүрүмдөр арасында тартип бузууларды, кылмыштуулукту жана көчөдө кайыр сурап жүргөн өспүрүм балдарды аныктоо жана аларды алдын алууга багытталган. Рейд учурунда 3 аз камсыз болгон үй-бүлө аныкталып, Токмок шаарынын ИИБнүн жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясына алдын алуу жумуштарын жүргүзүү үчүн 4 өспүрүм каттоого алынган. Андан сырткары кайырчылык менен алектенген 3 өспүрүмдүн өздүктөрү такталып, тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилген. Эки күн бою өткөрүлгөн рейд учурунда жаш өспүрүмдөргө байланыштуу фактылар Токмок шаардык социалдык өнүктүрүү башкармалыгына 10,  ал эми билим берүү бөлүмүнө 10 материал жөнөтүлдү.

Рейд учурунда Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде протоколдор толтурулган. Алар: 53-берене (Тыюу салынган жерлерде тамеки заттарын чегүү, коомдук жерлерде жалпы кабыл алынган жүрүм-турум ченемдерин бузуу), 81-беренеси (Коомдук жайларда баңгизат каражаттарын же психотроптук заттарды колдонуу, спирт ичимдиктерин ичүү), 84-берене (Атуучу куралды сактоо жана ташуу эрежелерин бузуу), 85-берене (Атуучу куралды каттоо мөөнөтүн бузуу) боюнча протоколдор толтурулган. Рейд учурунда өспүрүмдөр катышкан майда бейбаштык жана уурулук кылмыштарынын беттери ачылып, кылмышка шектүү өспүрүмдөр тергөө кызматына өткөрүлүп берилген. Мындай алдын алуу максатындагы рейд иш-чаралары Чүй облусунун башка аймактарында дагы улантылууда.

  

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *