Токмок шаарында каракчылыкка шектүү жаран кармалды

2018-жылдын 24-июль күнү болжол менен эртемененки саат 08:00 чамасында Токмок шаарынын кичи райондорунун биринде бейтааныш жаран моюнуна оролгон шарф менен бетин бекитип, дүкөнгө кирип, белгисиз ок атуучу курал менен дүкөндүн сатуучусу К.А.ны коркутуп, кассадан 41 500 сом акчасын жана сатуучунун “Самсунг”үлгүсүндөгү 6 миң сомдук телефонун алып окуя болгон жерден из жашырып кеткен. Келтирилген материалдык чыгым 47 500 сомду түзгөн. Окуя болгон жерге дароо Токмок шаарынын ИИБнүн ыкчам тергөө тобу чыгышып, материалдар топтолуп, тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 168-беренеси (Каракчылык) боюнча кылмыш иши козголгон. Чүй облусунун ИИББнын жана Токмок шаарынын ИИБнүн криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы каракчылыкка шектүү жаран кармалган. Ал 42 жаштагы Б.У. Ысык-Көл облусунда туулуп өскөн жана буга чейин “уурулук”, “мал уурулугу” жана “алдамчылык” боюнча соттолгондугу маалым болгон. Кармалган жаран Токмок шаарынын ИИБнүн убактылуу кармоочу жайна камакка алынган. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *