Токмок шаарында унаа урдоого шектүү жаран кармалды

Буга чейин Токмок шаарынын ички иштер бөлүмүнө 49 жаштагы Д.Ш. аттуу жаран арыз менен кайрылып, үстүбүздөгү жылдын 3-октябрына караган түнү белгисиз бирөөлөр Токмок шаарындагы көчөлөрдүн биринде жайгашкан сырдоочу жайдын кулпусун сындырып кирип, ал жерден “Мерседес Бенц Спринтер” үлгүсүндөгү автоунааны белгисиз тарапка айдап кетишкенин билдирген. Келтирилген материалдык чыгым 9 миң АКШ долларын түзгөн.

Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 206-беренеси (Автотранспорт каражаттарын айдай качуу) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-амалдарынын натыйжасында бул кылмышка шектелип, буга чейин бир нече жолу соттолуп, ИИМдин ыкчам алдын алуу боюнча каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтордун бирине мүчө болуп жүргөн 34 жаштагы И.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Учурда сотко чейинки өндүруш иштери улантылууда.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *