Токмок шаарында уурулукка шектүү 38 жаштагы жаран кармалды

2019-жылдын 12-январь күнү Токмок шаарындагы ишканалардын биринин 42 жаштагы өкүлү Д.Р. Токмок шаарынын ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылып, 11-январдан 12-январга караган түнү белгисиз адамдар 80 метрдей кабелин (ТПП 100х2) уурдап кеткендигин билдирген. Келтирилген материалдык чыгым 20 миң сомду түзгөн.

Жогорудагы арыз кылмыштарды жана жоруктарды каттоонун бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү иштери жүргүзүлгөн.

Токмок шаарынын ИИБнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн тергөө иш-чараларынын негизинде бул кылмышка шектүү делип, 38 жаштагы Г.Н. аттуу жаран кармалган. Ал буга чейин Токмок шаарынын аймагында бир нече кылмыштарга катыштыгы бар экендиги милиция кызматкерлери тарабынан аныкталган.

Учурда сотко чейинки тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

 

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *