Токмок шаарында уурулук кылмыштарына шектүүлөр кармалышты

Токмок шаарынын ИИБнө жергиликтүү 26 жаштагы Л.Р. аттуу жаран арыз менен кайрылып, 21-октябрдан 22-октябрга караган түнү Токмок шаарындагы көчөлөрдүн бириндеги үйүнүн алдында токтокп турган «Дэу Нексия» үлгүсүндөгү автоунаасын белгисиз бирөөлөр айдап качып кетишкенин билдирген. Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 206-беренеси (Автотранспорт каражаттарын айдай качуу) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
Андан сырткары Токмок шаарынын ИИБнө бир нече жергиликтүү жашоочулар арыз менен кайрылышып, түнкүсүн автоунааларынын аккумуляторлорун белгисиз бирөөлөр уурдап кетип жатканын билдирген. Бул арыздар Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндөгү кодексинин 90-беренеси (Орчундуу эмес өлчөмдө уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
Чүй облусунун ИИББнын жана Токмок шаарынын ИИБдүн криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 32 жаштагы И.А., 29 жаштагы Т.А. жана 19 жаштагы С.М. атуулар кармалышкан.
Териштирүү учурунда шектүү жарандардын 6 кылмыш фактысына тиешеси бар экендиги такталган. Учурда кармалган жарандардын дагы башка кылмыш иштерине тиешеси бар же жок экендиги боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.
Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *