Токмок шаарында уурулук фактысы тууралуу арызданган жаран буюмдарын өзү жок кылганы маалым болду

 

Токмок ШИИБге жергиликтүү 37-жаштагы тургун  Т.Д. арыз менен кайрылып, 2022-жылдын 15-январынан 16-январына караган түнү анын үйүнүн короосунан жыгач устундарды белгисиз бирөөлөр уурдап кетишкенин билдирген. Аталган факты Токмок ШИИБи тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки териштирүү иштери башталган.

Токмок ШИИБдин кызматкерлери тарабынан ыкчам тергөө иш амалдары жүргүзүлүп, арыз ээси Т.Д. өзү жыгач устундарды Токмок шаарынын базарында сатып, алган акчасын ичип түгөтүп, туугандарына билинип калбасын деген ой менен устундарды бирөө уурдап кеткен деп, милицияга арыз менен кайрылганы белгилүү болгон.

 

Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *