Токмок ШИИБнын кызматкерлери КР ИИМдин Жашы жете элек өспүрүмдөр арасындагы укук бузуулардын алдын алуу борборуна саякат уюштурушту

Чүй ОИИББ тарабынан жергиликтүү тургундар арасында кылмыштардын, жана укук бузуулардын алдын алуу максатында  түшүндүрүү иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүп келүүдө. Алсак Токмок ШИИБнын Жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери, токмок шаардык билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте 2022-жылдын 19-майында жашы жете элек өспүрүмдөрдүн арасындагы укук бузуулардын алдын алуу максатында саякат  уюштурушту. Бул сапардын негизги максаты  Жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын каттосунда турган өспүрүмдөргө арасындагы укук бузуулар кандай кесепеттерге алып келерин көрсөтүп, терс көрүнүштөрдөн алыс болууга чакыруу максатында жүргүзүлдү.

Саякаттын жүрүшүндө Жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери окуучуларга бул борбордун менен толук тааныштырып түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Иш-чаранын соңунда өспүрүмдөр ЖЖӨИИнин кызматкерлерине ыраазычылыктарын билдиришип терс көрүнүштөрдөн оолак болууга сөз беришти.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *