Торпок уурдаган мал ууру кармалып, иликтөө иштеринин жүрүшүндө анын башка уурулуктарга тиешеси бар экени белгилүү болду

Буга чейин жергиликтүү тургун 24 жаштагы С.Н. сарайдан торпок уурдап кеткен белгисиз адамдарга чара көрүүнү суранган.

Аталган факт Чүй РИИБде катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Керектүү ыкчам-тергөө иш-чараларынын алкагында жогорудагы фактыга шектүү делип, Чүй ОИИББдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн жана Чүй РИИБдин кызматкерлери тарабынан 18 жаштагы К.Д.  аттуу Чүй облусунун тургуну аныкталып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда милиция кызматкерлери тарабынан К.Д. Чүй районунун аймагындагы башка 5 уурулук фактысына тиешеси бар экени аныкталды. Учурда тергөө иштери уланууда.

 

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *