Чүйдө “Салам мектеп” алдын алуу иш-чарасы өткөрүлүүдө

Чүй облусу боюнча мектепке барбай жүргөн окуучуларды аныктоо, аларды билим берүү мекемелерине тартуу жана кароосуз калган балдарды ошондой эле кайырчылык менен алектенгендерди алдын алуу үчүн 2019-жылдын 10-сентябрынан 12-сентябрга чейин “Салам мектеп!” аталышындагы ыкчам алдын алуу иш-чарасы болуп өттү.

Аталган иш-чарага Чүй облусу боюнча ички иштер органдарынын кызматкерлеринен 350 кызматкер, андан сырткары билим берүү мекемелеринен 140 өкүл жана өспүрүмдөр иштери боюнча комиссия ошондой эле социалдык өнүктүрүү кызматы жана саламаттыкты сактоо кызматынын өкүлдөрү катышышкан.

Түнкүсүн ата-энесинин жана жакындарынын коштоосу жок жүргөн өспүрүмдөрдү аныктоо максатында кафе-барлар, мейманканалар, эс алуучу жайлар, компьютердик клубдар, соода түйүндөрү, жана башка коомдук жайларда текшерүү иштери жүргүзүлдү.

Рейд учурунда 3 өспүрүм ата-энесининин жана жакындарынын коштоосу жок жүргөнү аныкталып, ата-энелери чакырылып алар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Жалпысынан шаардык райондук ИИБлөргө 227 жаш өспүрүм жеткирилип, ата-энелеринин катышуусунда түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Алардын ичинен жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы тарабынан 5 өспүрүм алдын алуу иштерин жүргүзүү үчүн каттоого алынып, 10 аз камсыз болгон үй-бүлө аныкталган.

Рейд учурунда Чүй районунун Чүй айылынын №2- орто мектебинин тарбия иштери боюнча кызматкерлери, социалдык өнүктүрүү кызматы жана жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлору тарабынан көп балалуу аз камсыз болгон үй-бүлөгө азык-түлүк жагынан жардамдар берилди.

 

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *