Чүй облустук Ички иштер башкы башкармалыгы жаш кызматкерлер менен толукталды

Бүгүн, 2022-жылдын 9-июнунда Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгында ИИМдин Академиясын аяктаган курсанттарга  милициянын лейтенанты атайын наамын ыйгаруу менен жаш кызматкерлерди кабыл алуу иш-чарасы болуп өттү.

Бул иш-чарага Чүй облусунун ИИББнын жетекчилиги, Чүй ОИИББнин ардагерлери жана  Чүй ОИИББдин өздүк курамы катышышты.

Куттуктоо сөзү менен Чүй облусунун ИИББнын башчысы милициянын полковниги Сапарбек Асаналиев курсанттарды алгачкы милициянын лейтенанты наамынын ыйгарылышы менен куттуктап, аларга ийгиликтерди каалады. Ошондой эле Сапарбек Асаналиев жогорку билимге ээ болуп жаңыдан кесиптик жолун баштаган кызматкерлерге,  ден соолук каалоо менен алган билимдин негизинде иш алып барып ак ниеттүүлүк менен кызмат кылууга чакырды.

Иш-чаранын соңунда Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын борбордук аппаратынын кызматкерлери жана катарга кошулган кызматкерлердин салтанттту жүрүшү болуп андан  соң жаш кызматкерлерге  Чүй ОИИББдин тарыхы тааныштырылып, милициянын катардан суурулуп чыгып кызмат кылган инсандар тууралуу маалыматтар берилди.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *