Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын тергөө кызматы алдамчылык жана банк ишмердүүлүгүнө байланыштуу документти жасалмалоо фактысы боюнча кылмыш ишин тергеп жатат

2020-жылдын 2-ноябрында Ысык-Ата РИИБине Эсептешүү-сактык компания ААКнын өкүлү Э.И. атту жаран кайрылган, ал 2020-жылдын 10-февраль күнү бейтаныш адам өзүнүн А.К. аттуу жарандын атынан жазалма паспорт алып келип, кардар катары тааныштырып депозиттик эсептен 350 000 сом алып,  эртеси дагы  3 845 000 сом акча каражатын чечтирип алып кеткен жаранга чара көрүүнү өтүнгөн.

Натыйжада бул кылмышка шектүү  жалпы 4 195 000 сом өлчөмдөгү материалдык зыян келтирилгенин билдирген.

Аталган факт Ысык-Ата РИИБдин кылмыштарды бирдиктиүү реестрине  катталып, жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 2022-жылдын 18-июнунда Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан аталган кылмышты жасоого шектүү делип, КР Кылмыш-жаза кодексинин 96-беренесине ылайык, төмөнкү адамдар кармалып,  Ысык-Ата РИИбдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди:

А.А. 1996-жылы туулган Бишкек шаарынын тургуну, О.З. Бишкек шаарынын 1996-жылы туулган тургуну жана Э.А. 1997-жылы туулган, мурда банктын филиалдарынын биринде иштеген.

Учурда кармалгандардын ушу сыяктуу  кылмыштарга катыштыгы текшерүүгө алынып, сотко чейинки териштирүүлөр уланууда.

Чүй ОИИББнын Басма сөз кызматы

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *