Чүй облустук ички иштер органдары тарабынан кылмыштуулуктун,  укук бузуулардын жана аркандай кырсыктардын алдын алуу максатында  профилактикалык түшүндүрүү иш-чаралары тынымсыз  жүргүзүлүүдө

Алсак, Ысык-Ата районунун ички иштер бөлүмүнүн коомдук коопсуздук кызматы тарабынан Ысык-Ата районунун аймагындагы эс алуучу жайларда эс алып жүргөн жарандарга  түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Милиция кызматкерлери тарабынан жер-жерлердеги эс алуу жайларында, ошондой эле сууга түшүүчү жайларда коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча сунуштар берилди. Профилактикалык иш-чаранын жүрүшүндө милиция кызматкерлери  чет элдик эс алуучуларды да коомдук тартипти бузбоого чакырышты.

Ошондой эле Токмок ШИИБнын кызматкерлери,  ӨКМнын кызматкерлери менен биргеликте бассейн, көлмөлөрү бар эс алуу жайларынын ээлери менен да жолугушуп аркандай кырсыктарды болтурбоо максатында коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча да сүлөшүүлөр жүргүзүлдү.

Мындан тышкары  милиция кызматкерлери тарабынан сууга түшүүдө коопту делген жерлер текшерүүгө алынып, мындай жайларда жүргөн балдарга эскертүүлөр берилип, ата-энелерге  балдарын көзөмөлгө алуу керек экендигин белгилешти.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *