Чүй облусунда алдамчылыкка шектелген жаран кармалды

2022-жылдын 6-июнь күнү Аламүдүн РИИБине чала тааныш адамга чара көрүү өтүнүчү менен 1988-жылы туулган О.А. аттуу жаран кайрылган. Кайрылуусунда үстүбүздөгү жылдын апрель-май айларында алдоо жолу менен ишенимге кирип, Англияга ишке орноштурууну убадалап 1350 АКШ долларын жана андан тышкаары 19500 сом өлчөмүндөгү акча каражаттарын алып качып жүргөнүн билдирген.

Бул факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (Алдамчылык) негизинде кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.

Чүй ОИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн жана Аламүдүн РИИБдин кызматкерлери тарабынан көрүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө бул кылмышка шектүү делип, 1976-жылы туулган К.А. атту жаран кармалып, Бишкек шаардык убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда милиция кызматкерлери кармалган жарандын дагы башка ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгын такташууда. Ошол себептен бул адамдан жапа чеккен жарандарды ички иштер органдарына кайрылууга чакырат:  Аламүдүн РИИБдин нөөмөт бөлүмү 0312 36 35 27, 0312 36 35 23;  Чүй ОИИББнын нөөмөт бөлүмү 0312 43 01 27, 0312 43 8885.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *