Чүй облусунда алдамчылыкка шектүү аял кармалды

Чүй облусунун ИИББдүн Криминалдык милиция кызматынын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери  издөөгө  алынган аялдын жүргөн жери тууралуу малымат алышып, анын негизинде 2021-жылдын 5-февраль күнү Чүй облусунун ИИББнын жана Жайыл РИИБдүн кызматкерлери  издөөдө жүргөн 1978-жылы туулган С.Е. аттуу аялды кармашкан.

Жогорудагы аялга карата 2020-жылы Жайыл районунун жашоочусу милицияга арыз менен кайрылып, 2019-жылдын март айынын башында жарнамадан көзү ачыктын байланыш телефондорун көрүп, ага байланышкан. Арыздануучунун бардык көйгөйүн угуп, алсыздыгынан пайдаланып, анын башын айлантып, 340 миң рубль жана 100 АКШ долларын алып, из жашырып кеткенин билдирген.

Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 204-беренеси (Алдамчылык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында жогорудагы аялга издөө жарыяланган.

Кармалган жаран Жайыл РИИБдүн убактылуу кармоочу жайына камакка алынып, анын дагы башка кылмыштарга тиешеси бар же жок экениги боюнча текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.

Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Чүй ОИИББдин Басма сөз кызматы

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *