Чүй облусунда алдамчылыкка шектүү аял кармалды

Буга чейин Чүй облусунун ички иштер органдары тарабынан 1964-жылы туулган Осмоналиева Чынара Абибуллаевнага карата Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголуп, анын негизинде издөө жарыялангандыгы боюнча маалымат берилген.

Чүй облусунун ИИББнын криминалдык милиция кызматы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында 17-ноябрь күнү жогорудагы кылмышка шектүү жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Ага Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык”, “Жерлерди өзү билип ээлөө же басып алуу” жана башка бир нече беренелер боюнча айыбы угузулуп, сот тарабынан камакка алуу бөгөт чарасы тандалган.

Чүй облусунун ИИББнын тергөө кызматы Ч.Осмоналиеванын мыйзамсыз аракеттеринен жабыр тарткандар болсо төмөндөгү телефон номерлерине кайрылууну сунуштайт. Чүй облусунун ИИББнын нөөмөт бөлүгү: (0312) 43 01 27, (0312) 43 88 85

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *