Чүй облусунда алдын алуу рейди өткөрүлдү

Чүй облусунун аймагында 21-июлдан 23-июлга чейин “Өспүрүм-түн” аталышындагы алдын алуу рейди болуп өттү. Аталган иш-чарага облус боюнча 200 гө жакын ички иштер органдарынын кызматкерлери, андан сырткары билим берүү кызматкерлери ошондой эле үй-бүлөнү жана балдарды коргоо кызматтарынан 40 өкүл катышышты. Алдын алуу рейд учурунда облус боюнча 127 коомдук жайларда текшерүү иштери жүргүзүлүп, ата-энеси жана жакындарынын коштоосу жок 57 өспүрүм түнкү убакытта коомдук жайларда, көчөлөрдө жүргөндөрү аныкталды. Алар ата-энесине өткөрүлүп берилип, түнкү убакта топтошуп мушташуу, жаш өспүрүмдөргө карата жана алар тарабынан жасалган кылмыштарды алдын алуу максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Балдарга жайкы эс алуу убагы болгондуктан, өспүрүмдөргө көзөмөлдү күчөтүү зарылдыгы алардын ата-энелерине эскертилип, бүгүнкү күнү жугуштуу илдет жүрүп жаткан маалда коомдук жайларда, эл көп чогулган жерлерге бет кап тагынып, өздүк гигиенаны туура сактоо жөнүндө түшүндүрүү иштери да жүргүзүлдү.

 

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *