Чүй облусунда ардагерлер кеңеши жыл жыйынтыгын чыгарышты

Чүй облусунун ички иштер органдарынын ардагерлери, милициянын жаш кызматкерлерин тарбиялоодо, коомдук коопсуздукту камсыздоодо, алдын алуу жумуштарын жүргүзүүдө милиция кызматкерлери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен тыгыз иш алып барышып ички иштер органдарына ар тараптуу колдоолорун көргөзүп келишет.

Чүй облусунун ИИОнун  ардагерлери өткөн 2020-жылда коомдогу болуп жаткан баардык окуяларга активдүү катышышып, биргелешип милиция кызматкерлерине колдон келген жардамдарын көрсөтүштү. Айта кетсек, пандемия күч алып турган учурда ортодон каражаттарын чогултушуп, күнү-түнү кызматта турушкан,  ички иштер органдарынын кызматкерлерине бет кап, кол кап жана коргоочу каражаттарды алып беришкен. Андан сырткары коомчулук арасында түшүндүрүү жана алдын алуу иштеринде өздөрүн активдүү көргөзүп келишти.

Чүй облусунда ИИОнун ардагерлер кеңешинин өткөн жылдын 12 ай ичинде аткарган жумуштары боюнча жыйынтыгын чыгарган кеңешме болуп болуп өттү. Ага Чүй ОИИББнын башчысынын милдетин аткаруучу милициянын полковниги С.Асаналиев, Чүй облсунун ИИОнун ардагерлер кеңешинин төрагасы милициянын отставкадагы полковниги А.Асанов, ЖККББнын жана райондук, шаардык ИИОнун ардагерлер кеңешинин төрагалары катышышты. Ардагерлер кеңешинин төрагаларынын чечими менен 1-орунга Чүй районунун ИИОнун ардагерлер кеңеши чыгышты, 2-орунду Панфилов районунун ИИБдүн ардагерлер кеңеши ээлешсе, 3-орунга Жайыл районунун ИИБардагерлер кеңеши татыктуу болушту.  Алдынкы орунга чыккан ардагерлер Ардак грамоталар менен сыйланышты.

Чүй облусунун ИИББнын башчысынын милдетин аткаруучу С.Асаналиев алдыда биргеликте аткарыла турган жумуштар арбын экенине токтолуп, элибиздин тынчтыгы, ынтымагы үчүн ар качан жардамдарын аябаган ардагерлерге ыраазычылыгын билдирди.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *