Чүй облусунда “Арсенал” рейди өттү

Чүй облусунун аймагында ок атуучу курал-жарактарды мыйзамсыз сактоону аныктоо максатында коомдук тартипти сактоо жана коопсуздукту камсыздоо, ошондой эле, кылмыштуулукту алдын алуу үчүн үстүбүздөгү жылдын 15-августунан 17-августка чейин “Арсенал” аталышындагы профилактикалык рейд иш-чарасы жүргүзүлдү. Аталган иш-чарага Чүй ОИИББдин коомдук коопсуздук кызматынан, криминалдык милиция кызматынан жана ЖКККБнын кызматкерлеринен түзүлгөн 320 кызматкер тартылган.

Рейддин жүрүшүндө 1586 аңчылык менен алектенген мергенчилер текшерилип, алардын ичинен 35 жаран тарабынан курал-жарак сактоонун эрежеси бузулгандыгы аныкталып, аларга Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндөгү кодексинин негизинде протоколдор толтурулган. Иш-чара учурунда 8 факты аныкталган. Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 253-беренеси (Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү), 256-берене (Куралды сактоо боюнча милдеттерди талаптагыдай эмес аткаруу) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 253-беренесинин негизинде 5 сайсыз, 2 газ травматтык, 1 даана жарылуучу зат,  ошондой эле 37 ар түрдүү калибрдеги ок-дарылар алынган. Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 256-беренесинин негизинде 2 сайсыз мылтык алынган. Андан сырткары, 6 жеке күзөт агенттиктеринин ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды жана жарылуучу заттарды сактоо жайларындагы куралдарды сактоо эрежелери текшерилди.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *