Чүй облусунда жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлоруна семинар болуп өттү

Бүгүн, 2021 -жылдын 20 -сентябрында, Чүй облусунун ИИББнын имаратында, Чүй облусунун ИИОнун  жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлерине окуу семинар болуп өттү.

Семинарда  Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин коомдук коопсуздук кызматынын жаш өспүрүмдөр менен иштөө бөлүмүнүн башчысы, милициянын полковниги Нуржан Адылова, Кыргыз Республикасы ИИМдин Академиясынын Административдик укук жана административдик ишмердүүлүк кафедрасынын окутуучусу, милициянын полковниги Азамат Абдрахманов, “Мобилдик унааларды колдоо” коомдук бирикмелеринин ассоциациясынын директору, милициянын отставкадагы полковниги Шамшыбек Мамыров, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин полиция кеңешчиси Константин Бедаревдар катышышты.

Белгилей кетсек, семинарлар Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин демилгеси менен Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) колдоосу менен өткөрүлүүдө. Буга чейин республиканын түштүк аймагында семинарлар өткөрүлүп келген.

Бул семинардын негизги максаты жана милдети – милиция кызматкерлеринин демократиялык принциптери боюнча потенциалын жогорулатуу, трансулуттук коркунучтардын алдын алуу, жашы жете электерди экстремизм көз караштарга азырылуусуна бөгөт коюу,  мыйзамсыз баңгизаттын жана психоактивдүү заттардын жаңы түрлөрүнө байланыштуу кылмыштардын алдын алуу жана болтурбоо, гендердик жана үй -бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу. Жана ошондой эле, ички органдардын кызматкерлеринин кызматтык этикасы менен кантип сылыктык көрсөтүү, кесиптик ишмердүүлүктө токтоолук сыяктуу маанилүү  маселелерге токтолуп кетишти.

Семинардын алкагында бардык катышуучуларга сабактардан сырткары кызмат учурда зарыл болгон маалыматтар камтылган колдонмолор таркатылды. Белгилей кетсек, мындай семинарларды өткөрүү, биринчи кезекте, жашы жете электер тарабынан жасалган кылмыштардын жана укук бузуулардын алдын алуу жана аларга карата эң натыйжалуу чараларды иштеп чыгуу, балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону жакшыртуу үчүн зарыл.

Семинардын аягында катышкан кызматкерлерге сертификаттар тапшырылды. Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчилиги, милициянын полковниги Сапарбек Асаналиев уюштуруучуларга терең ыраазычылыгын билдирди.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы

 

.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *