Чүй облусунда жол кырсыктардын алдын алуу боюнча жыйын болуп өттү

2020-жылдын 26-октябрь күнү Чүй облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын 9 ай ичинде аткарган ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарган кеңешме Чүй облусунун ИИББнын кеңешме залында өткөрүлдү. Аталган иш-чарага ИИМдин ЖКККББнын жетекчилиги, Чүй облусунун ИИББнын жетекчилиги жана Чүй облусу боюнча ЖКККБнын жетекчилиги ошондой эле райондук шаардык ЖКККБнын бөлүм башчылары катышышты.

Жыл башынан бери Чүй облусу боюнча ЖКККБнын аткарган иштери боюнча өткөн жылга салыштырмалуу баяндама жасалып, кызматкерлер жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо, жол кырсыктарын алдын алуу багытында аткарган иштерине токтолду. Жол кырсыктарын болтурбоо үчүн көрүлгөн иш-аракеттер тынымсыз жүргүзүлгөнү менен айрым кемчиликтерди жоюу боюнча жетекчилик тарабынан тапшырмалар коюлду.

Алдыда кыш мезгили жакындап калгандыгына байланыштуу жүргүнчү ташыган каттамдардын айдоочуларына автоунааларды мезгилин талаптарына жооп берүүгө ылайыктоо боюнча түшүндүү иштерди жүргүзүү зарылдыгы айтылды. Андан сырткары кышкы туристтик мезгилге карата даярдык жумуштарды күчөтүү тапшырмалар коюлду. Кеңешмеде, ар бир райондук шаардык ЖКККБнын жетекчилерине жол кырсыктарын алдын алуу багытында жумуштарды күчөтүү боюнча талаптар коюлду.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *