Чүй облусунда “Йакын инкар” диний-экстремисттик агымдын жактоочулары кармалды

Чүй ОИИББнын Экстремизмге, мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын, Сокулук РИИБдин ЭММКАКтын кызматкерлери жана УКМКнын кызматкерлери менен биргеликте, жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, мурда катталган иш материалдардын алкагында  Кыргыз Республикасында тыюу салынган “Йакын инкар” диний-экстремисттик кыймылынын мүчөлөрү аныкталып, кармалган.

Милиция  жана УКМКнын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, тыюу салынган кыймылдын мүчөлөрү жашаган 3 даректе тинтүү жүргүзүлүп, анын натыйжасында ар кандай диний адабияттар, баракчалар, дептерлер жана уюлдук телефондор алынып, текшерүү үчүн тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Экспертизанын жыйынтыгында алынган адабияттарда Кыргыз Республикасында тыюу салынган “Йакын инкар” диний-экстремисттик агымынын идеологиясы бар экендиги аныкталган.

Үстүбүздөгү жылдын 6-июлунда көрсөтүлгөн факт боюнча чогултулган материалдар өзүнчө өндүрүшкө бөлүнүп, Кылмыш-жаза кодексинин 331-беренесинин (Экстремисттик уюмду түзүү жана каржылоо) негизинде кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, бул кылмышка шектелип 1993-жылы туулган Б.О.  мурда соттолгон; 1987-жылы туулган С.К.; 1987-жылы туулган К.У. аттуу жарандар кармалып Сокулук районунун убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Бул жарандар “Йакын инкар” диний-экстремисттик агымынын идеяларын жайылтуу максатында үгүт иштерин жүргүзүп келишкени аныкталып, сот  тарабынан Бишкек шаарындагы No1 СИЗОго камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандалган. Учурда сотко чейинки териштирүү иштери уланууда.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *