Чүй облусунда карындашын кордогон адамдга ок чыгарган жаран кармалды

2022-жылдын 1-июль күнү саат 08:30 чамасында Чүй РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Бишкек-Торугарт унаа жолунун 69-чакырымында эркек кишинин октон жаракат алгандыгы боюнча билдирүү түшкөн.

Алынган маалыматтын негизинде ыкчам-тергөө тобу дароо барып, ал жерден 1975-жылы туулган И.Р. аттуу жарандын жансыз денеси табышкан. Бул жаран октон алган жаракатынан улам тез жардам кызматы келгенге чейин каза болуп калганы аныкталган.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 2022-жылдын 1-июль күнү саат 07:45 чамасында 1989-жылы туулган Ж.А.,  Токмок шаарындагы аялдамалардын биринен жол тосуп отуруп 1975-жылы туулган И.Р. атту жаран башкарып бара жаткан унаага түшкөнү аныкталган. Айдоочу жолдон бурулуп кызга  тийишип баштаганда, кыз унаадан түшүө качкан. Жолдо кетип бараткан башка унаага отуруп кетип баратып байкесине телефон чалып окуяны айтып коркуп жатканын билдирген. И.Р. атту жаран кыз түшүп кеткен унааны кууп жетип, унаадан кызды чыгарууга аракет кылып, чачынан жулуп сабаган. Ошол учурда жетип келген кыздын агасы окуяны көрүп газ-травматикалык тапанча менен И.Рга ок чыгарган.

Бул факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин (Адам өлтүрүү) негизинде кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.

Андан аркы көрүлгөн чаралардын жүрүшүндө кылмышка шектүү делип милиция кызматкерлери тарабынан 1986-жылы туулган Д.З. аттуу жаран кармалган. Учурда кылмышка шектүү Токмок ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, бардык керектүү экспертизалар дайындалды.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *