Чүй облусунда мечиттин кутусунан акча уурдоого шектүү кармалды

Буга чейин, үстүбүздөгү жылдын август айында социалдык тармактар аркылуу белгисиз эркек киши Чүй облусунун Токмак шаарындагы мечитиндеги садака салынууч кутусунан акча уурдаганын көрсөткөн видео материал жарыяланган. Анын аракеттери видео көзөмөл камерасына түшүп калган.

Аталган факты Токмок шаарынын ИИБү тарабынан КЖБРге Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 200-беренеси (уурдоо) боюнча катталган. Сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында милиция кызматкерлери тарабынан бир катар ыкчам тергөө иш-амалдары жүргүзүлгөн.
Чүй ОИИБнын жана Токмок шаарынын ИИБнүн криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында жогорудагы фактыга шектүү катары 31-жаштагы М.А. аттуу жаран кармалган.
Алдын ала маалыматтар боюнча, кылмышка шектүү жаран Чүй облусунда жана Республиканын башка аймактарында ушул сыяктуу дагы уурулук фактыларына тиешеси бар экени аныкталууда. Бардык фактылар боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.
Сотко чейинки өндүрүш иштери уланууда.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *