Чүй облусунда милициянын кайгуул күзөт кызматкерлери жугуштуу илдетти алдын алуу иштерин тынымсыз жүргүзүшүп келишүүдө

Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын кайгуул күзөт кызматынын кызматкерлери күнү-түнү абсервацияга алынган жарандар жайгашкан жайлардагы коомдук коопсуздукту камсыздоо жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө. Илдетти алдын алуу максатында чет мамлекеттерден келишкен мекендештерибиз дароо абсервацияга алынышып, белгилүү убакытка чейин дарыгерлердин көзөмөлүндө болушаары белгилүү. Андан сырткары кайгуул күзөт кызматкерлери көзөмөл өткөрмө жайларда анализдеринин жыйынтыгын күткөн жүк ташуучу автоунаалардын айдоочулары турган жайларда да кызмат өтөшүудө.

Кайгуул күзөт кызматкерплери өзгөчө кырдаал режими киргизилгенден бери Чүй облусунун баардык аймактарында коомдук коопсуздукту сактоо жана илдеттин жайылышын алдын алуу үчүн түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп келишүүдө.

Эске сала кетүүчү жагдай, жарандар абсервацияга алынган жайларда кызмат өтөгөн милиционерлер тиешелүү коргонуучу каражаттар менен толук камсыздалып, аларга дарыгерлер тарабынан оорууну алдын алуу боюнча ар дайым нускамалар өткөрүлүп турат.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *