Чүй облусунда милициянын көчмө кабылдамасы түшүндүрүү иштерин улантууда

Чүй облусунун Ысык-Ата районунда милициянын көчмө кабылдамасы жарандарды кабыл алууну улантып, элге сервистик тейлөө көрсөтүүнүн алкагында айылдарды кыдырып профилактикалык иш-чараларды тынымсы жүргүзүүдө.

Милициянын көчмө кабылдама унаасы менен кызматкерлер аймактарды кыдырышып, жергиликтүү тургундардын ар түрдүү мазмундагы кайрылууларын кабыл алуу менен, кээ бир маселелер жеринде чечилип, юридикалык кеңештер да берилүүдө.

Ошондой эле ар кандай мыйзам бузуулардын алдын алуу максатында, мектеп окуучуларына бүтүрүү кечелеринде ар кандай кырсыктардын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүшүп андан тышкары  окуучулардын жайкы мезгилде коопту делген жерлерде сууга түшпөөгө чакырды.

Милициянын көчмө кабылдамасы Интернационал айылындагы “Кум-Шагыл”  ишканасынын кызматкерлери менен да жолугушуп, ар кандай мыйзам бузуулардын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери да жүргүзүлдү.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *