Чүй облусунда милиция кызматкерлери элдик кошуундар менен бирге иш алып барышууда

Чүй облусунун ички иштер органдарынын кызматкерлери ыктыярдуу элдик кошуундар менен биргеликте күн сайын коомдук тартипти сактоо жана коомдук коопсуздукту камсыздоо максатында биргеликте жумуш алып барышууда.

Бүгүнкү күнгө чейин Чүй облусунун аймагында ыктыярдуу элдик кошуундун саны жетиштүү. Айылдарда түзүлгөн элдик кошуундардын башчылары дайыма ИИОнун кызматкерлери менен тыгыз байланышта болушат.  Ыктыярдуу элдик кошуундардын мүчөлөрү кызматкерлер менен бирге инструктаждарга катышышып, көчөлөрдө, коомдук жайларда жасалган ар кандай тартип бузууларды алдын алуу, коомдук тартипти сактоого катышуу менен гана чектелбестен, ИИОнун кызматкерлери менен биргеликте Чүй облусунун аймагында коронавирус инфекциясынын жайылуусунун алдын алуу боюнча профилактикалык иштерди активдүү жүргүзүшүүдө. Мындай иш-чаралар күнү-түнү көпчүлүк адамдар чогулган көчөлөрдө, коомдук жайларда  жана дүкөндөрдө жүргүзүлүп келүүдө.

 

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *