Чүй облусунда милиция кызматкерлери унаа уурдоого шектүүлөрдү кармашты

Кылмыш 2021 -жылдын 23 -сентябрына караган түнү Москва районунун Төлөк айылынын тургунунун короосунда жасалган, белгисиз адамдар “Субару Форестер” машинасын уурдап, белгисиз тарапка качып кетишкен. Унаанын ээси 38-жаштагы М.С.аттуу жаран арыз менен милицияга кайрылган.

Аталган факты Москва районунун КЖБР  Кыргыз Республикасынын Кылмыш -жаза кодексинин 206 (Унааны уурдоо) беренеси менен катталган. Сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Тергөө жана ыкчам иш -чаралардын алкагында, Чүй облусунун ИИББнын Криминалдык милиция кызматкерлери менен Москва районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан шектүү катары 1993 -жылы туулган Т.Т. 2000 -жылы туулган М.У. кармалап, экөө тең убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Милиция кызматкерлери кармалгандардын башка кылмыштарга тиешеси бар -жогун териштирүүдө. Унаа Чүй облусунун Ысык-Ата районунун аймагынан табылган жана жакынкы аралыкта ээсине кайтарылып берилет.

Сотко чейинки өндүрүш иштери уланууда.

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *