ЧҮЙ ОБЛУСУНДА МИЛИЦИЯ КЫЗМАТЫНЫН КЕСИПТИК МАЙРАМЫ БЕЛГИЛЕНДИ

2020-жылдын 30-октябрь күнү Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгында Кыргыз милициясынын түзүлгөн күнүнө 96 жылдыгына карата иш-чара белгиленди. Аталган майрамдык салтанатта Чүй облусунун ИИББнын начальнигинин милдетин аткаруучу милициянын полковниги Асаналиев Сапарбек Тилекович, Чүй облусунун ИИББнын өздүк курамды жана ардагерлерди кесиптик майрамдары менен куттуктап, кызматкерлерде акыйкаттуулук, кесипкөйлүк, жоопкерчилик жана жарандар менен сылык мамиледе болуусу, коомчулуктун милиция кызматына болгон ишенимин жогорулатаарын кошумчады.

Кызматкерлерге бекем ден-соолук, чыдамкайлык ошондой эле үй-бүлөлүк бакыт каалап, түйшүктүү жумуштардын арты ийгиликтер менен коштолуусуна тилектештигин билдирип, ар бир кызматкер өз милдеттерин так аткаруу менен ИИОнун кадырын дагы да арттыра берээрине ишеничин билдирди.

Учурда ИИОдо реформалоо жүргүзүлүп, анын алкагында милиция кызматкерлери замандын талабына ылайыктуу кызмат өтөөгө шарттар жакшырып жатканын айтылды.

Иш-чарада өздөрүнүн мыкты жетишкендиктери менен өзгөчөлөнгөн кызматкерлерге медалдар жана атайын наамдар ыйгарылды. Мындай салтанатуу иш-чаралар Чүй облусундагы баардык райондук-шаардык ички иштер бөлүмдөрүндө 30-октябрь күнү белгиленип, татыктуу кызматкерлерге сыйлыктар жана мактоо баракчалары тапшырылды.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *