Чүй облусунда “Селсаяк” аталышындагы рейддик иш-чара болуп өттү

Үстүбүздөгү жылдын 20-22-апрель күндөрү Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын, райондук-шаардык ички иштер бөлүмдөрүнүн, билим берүү мекемелеринин, үй-бүлөө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн, райондук мамлекеттик админстрацияларынын алдында түзүлгөн балдардын иштери боюнча комиссиясынын өкүлдөрүнүн катышуусунда “Селсаяк” аталышындагы  жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун жана зордук-зомбулуктун алдын алууга багытталган рейддик иш-чара болуп өттү.

Аталган иш-чарага облус боюнча 320 милиция кызматкери жана 65 жергиликтүү бийлик өкүлдөр катышып, жаш өспүрүмдөр жана туруктуу жашаган жери жок жарандар көп чогулган 210дон ашык жайлар текшерүүгө алынды. 68 базар жана соода түйүндөрү, 17 жер төлө жана жылуу түтүктөр өткөн жайлар, 66 компьютердик клубдар жана башка 54 коомдук жайлар текшерилип, жыйынтыгында көчөдө кайырчылык жана селсаяктык кылган 70 жаш өспүрүм аныкталып, алардын ичинен 1 бала балдар үйүнө жайгаштырылды.

Андан сырткары, 27 жаш өспүрүмдүн сабакка барбай жатканы такталып, алардын ата-энелери жана жакындары менен биргеликте түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, орто мектептерге жөнөтүлдү.

Рейд учурунда аныкталган жагдайларды жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте чечүү үчүн зарыл болгон иштер жүргүзүлүүдө.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *