Чүй облусунда уурулукка шектүүлөр кармалды

2022-жылдын 29-апрелинде Ысык-Ата РИИБне  32-жаштагы А.М. аттуу Ивановка айылынын тургуну арыз менен кайрылган, ал арызында үстүбүздөгү жылдын 26-апрелинен 27-апрелине караган түнү айылдын четинде жайгашкан мал сарайга белгисиз адамдар кирип  эки коюн уурдап кеткенин билдирген.

Аталган факты КР Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (Уурдоо) негизинде катталган.

Бул факты боюнча ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Чүй ОИИБнин кызматкерлери Ысык-Ата РИИБнин кызматкерлери менен биргеликте шектүү катары бир нече жолу соттолгон эки жергиликтүү тургундар 23-жаштагы Д.К. жана К.И. кармалып, тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилген.

Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында жогорудагы адамдар күнөөсүн мойнуна алышкан, андан соң Ысык-Ата районунун ИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда башка дагы кылмыштарга тиешесин аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

 

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *