Чүй облусунда өткөрүлгөн «Лидер» алдын алуу рейдинин жыйынтыгы чыкты

Жашы жете электер арасындагы кылмыштуулукту жана укук бузууларды алдын алуу максатында өткөрүлгөн бул иш-чара  2022-жылдын 9-11-февраль күндөрү болуп өттү. Иш-чара жашы жете элек өспүрүмдөр арасындагы укук бузуулардын алдын алууга жана жол бербөөгө багытталган. Рейдге Чүй облусунун 340тан ашык милиция кызматкерлери, ошондой эле билим берүү мекемелеринен, балдар менен иштер боюнча комиссиясынын, үй-бүлөнү жана балдарды коргоо өкүлдөрү жана башкалар катышты. Рейддин жүрүшүндө Чүй облусунун милиция кызматкерлери тарабынан 7 кылмыштын бети ачылды. Дайынсыз жоголгон 6 бала табылды. Мектепке профилактикалык каттоого 28 бала алынган. 9 бала Жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын каттоосуна алынды. Билим берүү мекемелерине барбаган 18 бала аныкталган. Ачылган ар кайсы фактылар боюнча 40 материал ар кайсы органдарга жөнөтүлгөн. Ошондой эле, 101 профилактикалык иш-чаралар уюштурулуп өткөрүлдү, атап айтканда: ата-энелер чогулушу – 44, тегерек стол – 10, башка иш чаралар– 47.

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы

 

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *