Чүй облусунун аймагында алдын алуу иш-чаралы жүргүзүлүүдө

Чүй облусунда коомдук тартипти сактоо жана коомдук коопсуздукту камсыздоо ошондой эле кылмыштуулукту болтурбоо максатында, үстүбүздөгү жылдын 4-ноябрь күнүнөн тарата мыйзамсыз ок атуучу курал алып жүрүүнү алдын алуу жана ок атуучу курал жарактарды сактоо боюнча эрежелерин текшерүү боюнча алдын алуу иш-чаралары өткөрүлдү.
Иш-чарага Чүй облусу боюнча ички иштер органдарынын лицензияга уруксат берүү кызматынан, коомдук коопсуздук кызматынан, криминалдык милиция кызматынан жана ЖКККБнын кызматкерлеринен турган 300 дөн ашуун кызматкерлер тартылган.
2021-жылдын 4-ноябрынан 15-ноябрга чейин Чүй облусунун аймагында жеке күзөт агенттиктердин жетекчилери менен жолгушуулар өткөрүлүп, курал жараактарды сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Иш-чарада юридикалык 14 жай, 150 куралдын ээлери текшерилген. Милиция кызматкерлери тарабынан пневматикалык 1 даана курал, кичи калибрлүү 1 даана курал, газ травматтык 3 даана курал, ар түрлүү калибрдеги 24 даана ок-дарылар, гранатанын тетиги алынган.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *