Чүй облусунун аймагында “Арсенал” аталышында профилактикалык иш-чара өткөрүлдү

 

Чүй облусу боюнча коомдук тартипти сактоо жана коопсуздукту камсыздоо, ошондой эле, кылмыштуулукту алдын алуу үчүн үстүбүздөгү жылдын 4-апрелинен 7-апрелге чейин ок атуучу курал-жарактарды мыйзамсыз сактоону алдын алуу максатында “Арсенал” аталышындагы профилактикалык рейд иш-чарасы болуп өттү.

Аталган иш-чарага коомдук коопсуздук кызматынан, криминалдык милиция кызматынан жана Чүй ОИИББдин ЖКККБнын кызматкерлеринен түзүлгөн 114 кызматкер тартылган. Рейддин жүрүшүндө 2200 аңчылык менен алектенүүчүлөр текшерилип, алардын ичинен 52 жаран тарабынан курал-жарак сактоонун эрежеси бузулгандыгы аныкталып, аларга административдик протокол толтурулган.

Андан сырткары, 13 жеке күзөт агенттиктеринин ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды жана жарылуучу заттарды сактоо жайларындагы куралдарды сактоо эрежелери текшерилди. Рейд учурунда өз каалоосу менен жарандар тарабынан 2 ок атуучу курал-жарактар милиция кызматкерлерине тапшырылып берилген

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *