Чүй облусунун аймагында жол транспорт кырсыктарын алдын алуу боюнча кеңешме болуп өттү

 

2022-жылдын 18-март күнү Чүй облусунун ИИББнын кайгуул-күзөт кызматынын имаратында Чүй облусунун аймагында жол транспорт кырсыктарын алдын алуу боюнча жумушчу кеңешме болуп өттү.

Аталган иш-чарага Чүй ОИИББнын башчысынын орун барасы милициянын полковниги Айбек Ажыбаев, Чүй ОИИББы боюнча ЖКККБнын башчысы милициянын майору Эмиль Жакыпов ошондой эле Чүй облусунун шаардык, райондук ИИБдөрдүн башчыларынын орун басарлары жана райондук ЖКККБнын башчылары катышышты.

Жолугушууда, жол транспорт кырсыктарын болтурбоо боюнча Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин койгон талаптары жергиликтүү жетекчилерге жеткирилди. Андан сырткары Чүй облусунун аймагындагы жол кырсыктары көп катталган аймактарда жумуштарды алдыга жылдыруу, жол кырсыктарын болтурбоо боюнча аткарылуучу жумуштар талкууланды. Мындан ары ар бир райондун аймагында ЖКККБнын кызматкерлери, коомдук коопсуздук кызматкерлери, милициянын кайгуул-күзөт кызматынын кызматкерлери жана башка кызматтардан мобилдик топторду түзүү жана жөө жүргүнчүлөр менен ошондой эле автоунаалардын айдоочулары менен кырсыктарды алдын алуу боюнча жумуштарды жандандыруу боюнча сунуштар айтылды.

Облус аймагында негизги трассанын жээгиндеги базарларда жана башка коомдук жайлардын жанындагы жолдордон эрежелерди сактабай өткөн  жарандар менен жол эрежелери сактоо боюнча түшундүрүү иштерин жүргүзүү, ошондой эле айдоочулардын жолдо жүрүү маданиятын жогорулатуу боюнча комплекстүү иштерди аткаруу тууралуу иш-мерчемдер ишке ашырылаары белгиленди.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *