Чүй облусунун аймагында ок атуучу курал-жарактарды мыйзамсыз сактоону аныктоо, коомдук тартипти сактоо жана коопсуздукту камсыздоо, ошондой эле кылмыштуулукту алдын алуу максатында үстүбүздөгү жылдын 28-29-август күндөрү “Арсенал” аталышындагы профилактикалык рейд иш-чарасы өткөрүлдү.
Аталган иш-чарага Чүй ОИИББдин коомдук коопсуздук кызматынан, криминалдык милиция кызматынан жана ЖКККБнын кызматкерлеринен түзүлгөн 365 кызматкер тартылган.
Рейддин жүрүшүндө 1214 аңчылык менен алектенген мергенчилер, 374 газ травматтык куралдын ээлери, 7 жеке күзөт агенттиктери, 37 сыйлыкка брилген куралдын ээлери ошондой эле ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды жана жарылуучу заттарды сактоо жайларындагы куралдарды сактоо эрежелери текшерилди.
Алдын алуу иш-чара учурунда 215 автотранспорт каражаттары, 15 соода сатык жайлары жана башка коомдук жайларда текшерүүлөр болуп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Иш-чара учурунда Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 84- (Атуучу куралды сактоо жана ташуу эрежелерин бузуу) 85- (Атуучу куралды каттоо мөөнөтүн бузуу) беренелеринин негизинде жалпы 182 протокол толтурулган. Андан сырткары тиешелүү документтери жок 2 аңчылык курал алынган.