Чүй облусунун ИИББда жыл жыйынтыгын чыгарган кеңешме болуп өттү

2022-жылдын 20-январь күнү Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын жыйындар залында Чүй облустук ички иштер органдарынын 2021-жыл ичинде ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарган кеңешме болуп өттү.

Аталган иш-чарага Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары милициянын полковниги Эркебек Аширходжаев, Чүй облусунун ИИББнын башчысы милициянын полковниги Сапарбек Асаналиев, анын орун басарлары, башкармалыктардын, кызматтардын, шаардык-райондук ИИБдөрдүн башчылары, ардагерлер кеңешиңин төрагасы Ашыркул Асанов жана ардагерлер кеңешинин мүчөлөрү ошондой эле Чүй облусунун ИИББнын кызматкерлери катышты.

Алгач, өткөн 2021-жыл ичинде өздөрүнүн кызматтык милдеттерин так аткарып, жетишкен ийгиликтери менен «Мыкты кызматкер», “Мыкты ардагерлер кеңеши” деген наамдар тапшырылды.

Чүй облусу боюнча Ардагерлер кеңешинин аткарган жумуштарынын жыйынтыгы менен 1-орунду Ысык-Ата РИИБдүн ардагерлер кеңеши ээлешип, 2-орунга Москва РИИБдүн ардагерлер кеңеши татыктуу болушуп, 3-орунга Чүй облусунун ИИББнын борбордук аппаратынын жана ЖКККБнын ардагерлер кеңеши чыгышты.

Ал эми өткөн жылдагы аткарган иштеринин натыйжасында төмөндөгү кызматкерлер өз кесибинин мыктылары деп табылды.

– Кылмыш иликтөө башкармалыгынын мыкты кызматкери – Чүй облусунун ИИББнын кылмыш иликтөө башкармалыгынын ыйгарым укутуу ыкчам кызматкери милициянын подполковниги А.Н.,

– Тергөө кызматынын мыкты тергөөчүсү-Аламүдүн РИИБдүн тергөө кызматынын тергөөчүсү милициянын улук лейтенанты Жаназаков Кутмидин Абдымаликович,

-Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын мыкты ыкчам кызматкери- Панфилов РИИБдүн экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын улук ыйгарым укуктуу ыкчам кызматкери милициянын капитаны А.А.,

-Баңги заттарды мыйзамсыз жүргүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын мыкты ыкчам кызматкери- Ысык-Ата РИИБдүн баңги заттарды мыйзамсыз жүргүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын ыйгарым укуктуу ыкчам кызматкери милициянын майору Б.Д.,

-Кадрлар бөлүмүнүн мыкты кызматкери- Чүй облусунун ИИББнын кадрлар бөлүмүнүн улук инспектору милициянын подполковниги Калыпетова Гульнара Эсенкуловна,

-Милициянын мыкты участкалык инспектору-Чүй РИИБдүн участкалык инспектору милициянын улук лейтенанты Эгимбаев Мирлан Дуйшомбиевич,

-Жашы жете электердин иштери боюнча мыкты инспектору-Жайыл РИИБдүн КККнын жашы жете электердин иштери боюнча инспектору милициянын майору Джуматаев Алмаз Таалайбекович,

-Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын мыкты инспектору-Токмок ШИИБү боюнча ЖКККБнын кенже инспектору милициянын прапорщиги Асанов Азим Белекович,

-Криминалистикалык кызматтын мыкты кызматкери-Чүй ОИИББнын криминалистикалык кызматынын инспектор-криминалисти милициянын майору-Шаршенов Кайрат Жолдошович,

-Нөөмөт бөлүгүнүн мыкты нөөмөткери-Чүй облусунун ИИББнын нөөмөт бөлүгүнүн ыкчам нөөмөткери милициянын подполковниги Дуйшеналиев Нурлан Сарлыкович,

-“Шумкар” АБПнын Чүй облусу боюнча атайын операциялык отрядынын мыкты күжүрмөн кызматкери-Кыргыз Республикасынын ИИМдин “Шумкар” атайын багыттары полкунун Чүй облусу боюнча кызматкери милицянын улук лейтенанты К.Т.,

-Милициянын кайгуул-күзөт кызматынын мыкты кызматкери-Чүй ОИИББнын кайгуул күзөт кызматынын кызматкери милициянын улук сержанты Заводбеков Эрмек Русланович.

Жылдын мыкты кызматкерлери “Ардак грамота”, атайын сыйлоо лентасы жана вымпелдер менен сыйланышса, алдынкы орунга татыктуу болгон ардагерлер кеңешине дипломдор жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Жыйында, Чүй облусунун ИИББнын башчысынын орун басары милициянын полковниги Азамат Савыралиев 2021-жылдын 12 ай ичинде аткарылган жумуштар боюнча баяндама жасап, жетишкен ийгиликтер менен айрым кемчиликтерге токтолуп, кызматтык иштердүүлүктү жакшыртуу багытында бир топ сунуштамал берилгенин билдирди.

Ички иштер министринин орун басары Э.Аширходжаев кемчиликтерди жоюунун үстүнөн тынымсыз иш-алып барууну тиешелүү жетекчилерден талап кылып, кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана катталган кылмыштардын бетин ачуу, акыйкат териштирүү иштерин жүргүзүү, ошондой эле коомдук тартипти сактоо жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу багытында иштерди жогорку деңгээлде алып баруу боюнча ташырмаларды койду.

Жыл жыйынтыгы менен өткөрүлгөн кеңешмеде 2022-жылы аткарыла турган иш-мерчемдерге сунуштамалар киргизилип, Чүй облусунун ИИОнун ыкчам кызматтык ишмердүүлүгү боюнча аткарылуучу иш-чараларды күчөтүү боюнча тапшырмалар берилди.

Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы

 

 

 

 

 

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *