2018-жылдын 3-март күнү Чүй облусунунун ички иштер башкы башкармалыгынын өздүк курамы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик Туусунун кабыл алгандыгынын 26 жылдыгына карата сапка тизилишти.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын туусун гиминдин коштоосунда көтөрүү менен башталды. Чүй облусунун ИИББнын башчысы Сарчаев Нурлан Асанбекович өздүк курамды мамлекеттик туунун кабыл алынгандыгына 26 жыл толушу менен куттуктап, анын тарыхына токтолуп, ошол мезгилден тарта Кыргыз Республикасынын желеги эл аралык деңгээлдерде өткөрүлгөн иш-чараларда желбиреп жатканы сыймык экенин кошумчалады.
Иш-чаранын соңунда кыматкерлер салтанаттуу жүрүштөн өтүшүп, жумуш орундарына таркатылды.